Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Капа болбосун, көңүлү оорубасын деген ой менен айтканына макул болуп, коштоп коюу. «Мүмкүн бул утурумдук алдамчы сезимдир деп баарын жакшылыкка жоруп, көңүл улады келин (Кушубеков). Бай аке, көңүлүңдү улап сүйлөйүнбү, же ачуу да болсо эл арасынан көрүп келген чындыкты айтайынбы (Укаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көңүл жубатуу, тынчытуу, көңүл жубатып колдоо. «Мүмкүн бул утурумдук алдамчы сезимдир» деп баарын жакшылыкка жоруп, көңүл улады келин (Кушубеков). Бай аке, көңүлүңдү улап сүйлөйүнбү, же ачуу да болсо эл арасынан көрүп келген чындыкты айтайынбы (Укаев). В.: Көөнүн улоо. Болуптур, – деп көөнүн улап койду.